Адам укугу Декларациясынын 70 жылдыгы

Адам укугу Декларациясынын 70 жылдыгыБишкекте Адам укугунун жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган конференция БУУнун колдоосу менен өтүп жатат.

Анда Президент Сооронбай Жээнбеков Баш мыйзамды да, парламентти да бир өңүттөн — адам укуктарын коргоо призмасы аркылуу кароо — конференциянын жемиштүү болооруна өбөлгө түзөрун белгилеп, буларга токтолду:

«Декларацияда камтылган идеялар кыргыз коомунун менталитетине, дүйнө таанымына туура келет. Анда жазылган аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу, адамдардын улутуна, тилине, динине карабай бирдей укугун таануу, коомдогу достук мамилелерди чыңдоо чакырыктары — биздин ата-бабаларыбыз аздектеп келген баалуулуктар менен үндөш” деди Сооронбай Жээнбеков.

Андан  ары сөзүн улантып, кыргыз коомчулугу Декларацияда жазылбай калган, бирок, жалпы дүйнөгө зарыл болгон баалуулуктарды да сактоого ынтызар экенин,  ата-бабаларыбыз адам гана эмес, жаратылыштын, айбанаттын укугун сыйлаган эл экенибизди баса белгилегим келет. Мунун далили катары — биздин дүйнө таанымыбызды таасын чагылдырган улуу жазуучубуз, нукура гуманист Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын айтсак болот деп  белгиледи.

“Адам укуктарынын жалпы декларациясында сот адилеттигине жана соттук териштирүүлөрдүн ачык–айкындыгына чоң маани берилет. Ошону менен катар, укук коргоо органдарынын „өзүм билемдигине“ жол бербөө зарылдыгы да баса белгиленген.

Кыргызстан акыркы мезгилде ушул багыттар боюнча чечкиндүү иштерди баштады. 2019-жылды соттук-укуктук реформанын практикалык этабы — жаңы укуктук нормалардын негизинде жашообуз башталат. Сотко чейинки кармоо жана тергөө иштери, соттук териштирүүлөр, соттун чечимин аткаруу жумуштары кодекстердин жана мыйзамдардын жаңы нормалары менен жүргүзүлөт” деп айтты.

“Кылмыштардын жана жосундардын Бирдиктүү реестри түзүлөт. Тергөө, сот, соттун чечимин аткаруу процесстери ачык-айкын болот. Пробация институту ишке киргизилет. Кыргызстан жаңы укуктук мейкиндикке кирет”-деп белгиледи мамлекет башчы

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты