Кыргызстандык экоактивистти Польшага киргизбей коюшту

Кыргызстандык MoveGreen мамлекеттик эмес уюмдун жетекчиси Мария Колесникова Польшада өтө турган эл аралык климаттык форумга катыша албай калды.

Бул туралуу активист фейсбук баракчасына жазып чыккан. Анын айтымында аны Варшавада кармашып, суракка алгандан кийин “коомдук коопсуздук үчун коркунучтуу” деген формулировка менен кайра Кыргызстанга жөнөтүшкөн. Ошондой эле региондордон келген дагы 14 экоактивистти киргизбей коюшкан.

—“Мен Кыргызстандык жарандык сектордон байкоочу катары тынчтык жолу менен климаттык форумга катышууну көздөп жаткам. Мамлекет үчүн манилүү окуя болгон бул жагдай кыргыз коомчулугу, журналисттер жана жоопкерчиликтүү органдар тарабынан көз жаздымында калып, бааланбай жатат. Ошол эле учурда, ал жакта Кыргызстандын энергетикасынын альтернативалык өнүгүүсү үчүн миллиондук инвестициялардын тагдыры чечилип жатат”,-деди Колесникова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты