Бир жумада 4205 айдоочу коопсуздук курун тагынбаганы үчүн айып пулга жыгылган. (Жол эрежеси боюнча тест)

Кыргызстанда бир жумада эле 16 миңден көп айдоочу айып пулга жыгылган. Бул туралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкаруусунун пресс-кызматынан билдиришти.

30-ноябрдан 6- декабрга чейинки эң көп катталган жол кыймылынын эрежесин бузуулар:

—4205 айдоочу коопсуздук курун тагынбай автоунааны айдаганы үчүн айып пулга жыгылган;

—3255 айдоочу мобилдик телефон колдонгону үчүн;

—2930 айдоочу жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы;

—1511-башка айдоочуларга тоскоолдук кылгандыгы;

—1366—жогорку ылдамдыктын режимин бузгандыгы

—1236—кечки убакта иштебеген фара менен айдаганы;

—394—светофордун кызыл белгисине өтүп кеткендиги

—176—мас абалында айдаганы үчүн;

—36— алдыңкы жана арткы, каптал айнектерин караңгылатып айдап жүргөндүгү үчүн айыпка жыгылган.

Ошондой эле бир жумада 846 автоунаа атайын токтотуучу жайга жеткирилген.

Жол эрежесин канчалык жакшы билесиз? Анда төмөнкү тесттен өтүңүз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты