УКМК: Зилалиев мыйзамсыз байыган. Кен байлык лицензиясын туугандарына каттаткан

УКМК: Зилалиев мыйзамсыз байыган. Кен байлык лицензиясын туугандарына каттатканУлуттук Коопсуздук комитети Дүйшөнбек Зилалиевге мыйзамсыз байыган деген айып коюп жатат. Бул Кылмыш-жаза кодексинин  308-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту.

Тергөөдө билингендей, Зилалиев 2011-2017-жылдары мамлекеттик ар кандай кызматтарды аркалап, анын ичинде Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы,  Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору болуп турган.
2011-2016-жылдары Зилалиев киреше, чыгашасы тууралуу тууралуу декларация толтурганда кирешеси 2 млн. 541 миң. 527 сомду түзгөн. Жубайы 408 миң сом тапкан.

Бирок текшерүү учурунда анын активинде ири суммадагы каражат, 889 миң 900 АКШ доллары болгон, аларды 2018-жылдын сентябрь айына чейин коммерциялык банктын кутусуна сактаган.

Ошондой эле Зилалиевдин декларациясында көрсөтүлбөгөн квартиралары, үйлөрү, жер участкалары болгон.

2017-жылдын 17-апрелинде ал жумушсуз тууганына Бишкек шаарынын борборундагы офис имараттарын каттаткан, анын баасы 34 млн жана 19 млн турган.
Ал  Геология агенттигинин директору болуп туруп, өзүнүн жумушсуз тууганына Кыргызстандагы бир катар алтын кен жана башка кен байлыктардын лицензиясын каттаткан.

Зилалиев эки айга УКМК убактылуу жайына камакка алынган.

Сүрөт: Интернеттен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты