Дүйшөнбек Зилалиевдин 1 млн доллар эсеби табылды
- 6 лет мурун
- Блог
Эки айга камакка алынган Дүйшөнбек Зилалиевдин эсебинде бир млн доллар бар экени аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарындагы булак билдирди.
Геология жана кен байлыктар агенттигинин экс-жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев шарттуу үч жылга жоопкерчиликке тартылган.
Анын Кыргызстандан чыгууга укугу жок болсо да, чет өлкөгө чыгууга аракет кылган убакта кармалган. Ал эки ай, 10-февралга чейин камакта калтырылган. Зилалиев кенди иштетүү боюнча лицензияларды сатууга айыпталууда.
Сүрөт: Интернеттен алынды.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!