«Апрелчилер» бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин келишине каршы митинг өткөрүштү

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин түзүлгөн коомдук бирикмелердин мүчөлөрү чогулуп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

«Азаттык» билдиргендей, кайрылуу ээлери бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келишине караманча каршы экенин айтышып, президент Жапаровго «отуз жылга соттолгон Бакиев келсе камалат» деген сөзүн бузбоону эскертишти.

Мындан тышкары, чогулгандар Курманбек Бакиевдин бийлигинин огунан каза тапкан жакындары үчүн эч кандай кун алышпай турганын белгилешти.

«Өз элин канга боеп, кыргыз мамлекетин тоноп кетип, чет жакта бизнес кылып чардап жаткан Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтуунун айла-амалдарын издеп жатыптыр. Анын курман болгондорго кун төлөп, жарадарларга акча берип, элден кечирим сурасам деген арам ою ишке ашпайт! Арам акчаны да албайбыз!», — деп жазылган кайрылууда.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал өзү жана тун уулу Марат Бакиев соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты