Жээнбеков: “Коррупция бул мите курттай кесел”

Жээнбеков: “Коррупция бул мите курттай кесел”Сооронбай Жээнбеков 9-декабрь Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады.

“Коррупция — бул коомдун бардык чөйрөлөрүнө мите курттай сүңгүгөн, мамлекеттин натыйжалуу өнүгүшүнө тоскоол болгон кесел. Ал теңсиздикти жана адилетсиздикти пайда кылат” деди мамлекет башчы.

Андан ары коррупция менен күрөшүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин, мыйзам үстөмдүгү, акыйкаттык жана жазанын айныксыздыгы орнотуларын белгиледи.

“Коррупция, тек, мыйзамсыз гана болбостон, коомдо элдин ырыскысына суук колун салган чиновниктер эл аралап баса албай кала тургандай кырдаал түзүлүүгө тийиш! Коррупцияга каршы сезимди мектептен, бала бакчадан, үй-бүлөдөн баштап, балдарга сиңирүү абзел” деди Жээнбеков.

Расмий сүрөт

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты