Валентина Шевченко чемпион болду!

Валентина Шевченко чемпион болду!Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко (UFC) Канадада өткөн эрежесиз мушташ боюнча чемпион болду.

Шевченко таймаштан кийин мындай деп айтты:

«Мен дал Енжейчик менен күрөштө жеңип чыкканыма бактылуумун. Ал таймашка эң сонун мамиле жасады, бул анын кесипкөйлүгүн билдирип турат. Бул менин гана жеңишим эмес, машыктыруучумдун, бардык команданын жана күйөрмандарымдын жеңиши. Колдоо көрсөткөнүңүздөргө рахмат! Кыргызстанга салам айтам! Ата Мекенимдеги бардык күйөрмандарыма салам айтам, ошондой эле КМШ мамлекеттеринде мени колдогондордун баарына рахмат!” деди Валентина Шевченко.

Таймаш Канадада өттү, Шевченко польшалык Йоанна Ежейчик менен таймашты. Мелдештен кийин Валентина Шевченко атаандашынын чеберчилигин, кесипкөйлүгүн баса белгиледи.

Сүрөт: Интернеттен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты