Чыңгыз Айтматовдун кайсы эстелиги сизге жагат? (Сурамжылоо)

Москва шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды. 
Москвадагы эстеликтин ачылышында КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк маданиятка кошкон салымын белгиледи. Кыргыз эли туу туткан Манастын эстелиги Москвада болсо, эми Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин орнотулганына Россиянын мамлекет башчысы Путинге ыраазылык билдирди.
Эстеликти ачууга Москва шаарынын мэри Сергей Собянин, КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов, Россиянын маданият министри Владимир Мединский, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев, РФ президентинин өкүлү Михаил Швыдкой катышты.
Айта кетсек, Чыңгыз Айтматовдун Москвадагы эстелигинин автору Азамат Абдрахманов жана россиялык архитектор Сергей Павлов. Эстелик колодон жасалган. Постаментсиз бийиктиги 2 м 70 см.
Москва шаарынын Данилов районунда, Павлов көчөсү менен Подольск шоссе боюнда орнотулган.

Айгүл Бакеева
Фото: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты