Жаан жаабайт, туман түшөт

Жаан жаабайт, туман түшөтКыргызстанда 8-декабрда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан болгон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;

Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12,

Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7 градус суук болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 7…9 градус болот

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты