Үнөмдөөнү үйрөтөбүз. Бензин куйганга караганда газ койдурган капчыкка жеңил (Инфографика)

Жаңы жылдан баштап бензин кымбатташы мүмкүн экенин Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан кабарлашты. Биз буга улай, бензин кымбат болуп жатса, машинеге газ койдуруу үнөмдүүрөөк экенин эсептеп көрдүк. Эгер бул сунуш сизге жакса, сиз дагы газ койдуруп аларсыз.

Үнөмдөөнү үйрөтөбүз. Бензин куйганга караганда газ койдурган капчыкка жеңил (Инфографика)

Улук Боротов Бишкектеги унааларга газ жабдыктарын орнотуп иштейт. Ал акыркы учурда машинесин газ орноткон айдоочулар көп болуп жатканын белгилеп өттү.

Үнөмдүү

— Бул үнөмдүү болуп жатпайбы. Мисалы, азыр АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 42 сомдун тегерегинде болсо, аАл эми,  1 литр автогаздын орточо баасы 26 сом. Газ жабдуулары жакшы сапатта, туура коюлса, чыгымдоо бензин менен бирдей эле болот. Мисалы, 100 чакырымга 10 литр бензин менен жүрсөңүз, газды деле ошондой эле жейт. Айырмасы, 100 чакырымга 420 сомдук бензин менен жүрсөңүз, ошол эле аралыкты 260 сомдук газ менен жүрүп өтө аласыз. Бир эле литрден 16 сом үнөмдөйсүз.

Газдын түрлөрү
Газдын метан жана пропан деген эки түрү бар. Метандын атмосфералык басымы 200, ал эми пропан суюлтулган газ, атмосфералык басымы 12. Жарылуу коркунучу жокко эсе.

Газ жабдууларын унаага орнотуу үчүн 5-6 саат убакыт кетет. Газ куюлуучу бактын дагы эки түрү бар: тоголок (таблетка) жана узун (капсулага окшош). Көлөмүнө жараша 40 литрден 90 литрге чейин.

“Газ сатпай турган жерде түгөнүп калса эмне кылам?” деп чочулашыңыз мүмкүн. Мындай учурда кадимки эле бензинди иштетип жүрө берсеңиз болот.

Техникалык кароо акысыз
Газ жабдыктарын койдургандан кийин, коопсуздук үчүн маал-маалы менен келип техникалык кароодон өткөрүп туруш керек. Биз газ жабдуусун орноткондо 1 жылдык кепилдик беребиз жана 1 жыл бою техникалык кароо акысыз.

Үнөмдөөнү үйрөтөбүз. Бензин куйганга караганда газ койдурган капчыкка жеңил (Инфографика)

Инфографика

Газ баллон жабдыктарын орнотуунун баасы:
4 цилиндрлүү унаага — 24 000 сом;
6 цилиндрлүү унаага — 38 000 сом;
8 цилиндрлүү унаага — 45 000 сом;
12 цилиндрлүү унаага — 69 000 сом.

Мирлан Калбатыров, айдоочу:
Үнөмдөөнү үйрөтөбүз. Бензин куйганга караганда газ койдурган капчыкка жеңил (Инфографика) — Унаама газ жабдуусун койдурганыма 1 жылдан ашып калды. Пайдалуу жагы газдын баасы арзан. Мисалы, автогаз куюп айдасам бир күндө 500 сом сарптайм, бензинге болсо 800 сомдун тегерегинде кетет. Мурда газдын баасы бензиндикинен эки эсе арзан болчу, азыр бир аз кымбаттап кетти.

 

                            Бек Оморбеков

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты