Кыргызстанда акысыз укуктук жардам декадасы өтүүдө

Кыргызстанда акысыз укуктук жардам декадасы өтүүдө

Акысыз юридикалык жардам көрсөтүлүүдө.

Юстиция министрлиги өлкө боюнча акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасын өткөрүп жатат.

Декаданын алкагында укуктук жардамды Юстиция министрлигинин алдындагы 24 укуктук жардам көрсөтүү борбору жана 12 координатор, облустук юстиция башкармалыктары, райондук мамлекеттик нотариалдык кеңселер, коомдук уюмдар, адвокатуранын аймактык бөлүмдөрү көрсөтүшүүдө.

Кайрылуулар негизинен жөлөкпул, алимент алуу, эмгек мамилелери, жер жана жубайлардын ажырашуу учурунда келип чыккан суроолор боюнча болууда.

Ошондой эле адвокаттар тарабынан он-лайн консультация жүргүзүп, республика боюнча жогорку окуу жайлардын, колледждердин студенттерине адам укуктары тууралуу лекциялар өтүлүп, элге маалыматтык-агартуучу материалдар таратылууда.

Декаданн негизги максаты- калктын аялуу топторунун укуктук корголгондугунун деңгээлин жогорулатуу, юридикалык жардам көрсөтүү, укуктук жактан агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү.

Иш-чара ушул айдын онуна чейин уланат.

Акысыз юридикалык жардам даректери бул шилтемеде:

 Сүрөт: Юстиция министрлигинин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты