Окуучуну сүзүп кеткен айдоочу камакка алынды

Окуучуну сүзүп кеткен айдоочу камакка алынды

Биринчи класстын окуучусун сүзүп кеткен казакстандык жаран Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу шаардык ИИБдин  басма сөз кызматынан билдиришти.

5-декабрда Казакстандын жараны жүк ташуучу унааны башкарып бара жатып, “зебрадан” өткөнү жаткан окуучуну коюп кеткен. Ал кыз окуя болгон жерде  жан берген.

Аталган иш боюнча кылмыш иши козголгон. 7-декабрда сот бөгөт коюу чарасын чыгарат.

Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу светофордун кызыл белгисинен өтүп кетип, жолдон өткөнү жаткан кызды уруп кеткен. Машинанын ылдамдыгы саатына 80 км болгон.

Сүрөт: шилтемеси.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты