Жээнбеков: «ЕАЭБ укуктарын кеңейтүү зарыл»

Жээнбеков: "ЕАЭБ укуктарын кеңейтүү зарыл"

ЕАЭБ жыйыны. 6-декабрь 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда, Санкт-Петербургда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты.

«ЕАЭБ мейкининде төрт негизги эркиндик — товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчүнүн жүрүү эркиндигин жүзөгө ашыруу маанилүү деп эсептейм. Биз бири-бирибизди колдоп, жаңы тоскоолдуктарды жоюшубуз керек», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Ал белгилегендей, 2019-жылы бирдиктүү экономикалык тармактардын санын арттыруу боюнча иш жүргүзүү, кооперацияны күчөтүү маанилүү. Ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу зарыл.

«Евразиялык экономикалык комиссиянын ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарыл экенин кыргыз тарап бир нече жолу белгилеген. Бул тууралуу мен Жогорку Кеңештин өткөн жыйынында белгилегем. Комиссия, Бирикмеге мүчө мамлекеттер менен бирге бул демилгени ишке ашыруу үчүн тийиштүү иш-чараларды өткөрүшү зарыл деп эсептейм», — деди Жээнбеков

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты