Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылды

  • 9 месяцев мурун

Кыргызстан кайрадан Борбор Азия чөлкөмүндөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болуп табылды. Бул тууралуу Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексинни (WPS) ушул жумада дарыяланган баяндамасында айтылат.

Баяндамага ылайык, Кыргызстан аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте 95-орунда турат.

Баяндамада Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду 20% ашпай турганы, 13% аялдар жакын адамдары тарабынан зордук-зомбулукка кабылары жазылган.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан 94-орунда, Тажикстан 90-орунда, Казакстан 80-катарда жайгашкан. Ал эми Түркмөнстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн коопсуз деп саналган өлкө катары 58-орунду ээлеген.

Кыргызстан 2021-жылы дагы WPS индексинде 97-катарда болуп, Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган.

Аталган индексте 170 өлкөдөгү аялдардын абалы камтылган. Аялдардын абалын Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Жоржтаун институтунун Гендердик маселелер, коопсуздук жана тынчтык борбору 13 категория боюнча — аялдардын коомдогу, эмгек рыногундагы ордун, саясаттагы абалын, социалдык коопсуздугун изилдеген.

WPS индекси боюнча аялдар үчүн эң коопсуз өлкө болуп Норвегия, Дания, Финляндия, Исландия, Швеция, Швейцария, Люксембург, Австрия, Нидерланды жана Жаңы Зеландия таанылды. Эң кооптуу өлкөлөр — Түштүк Судан, Конго, Борбордук Африка Республикасы, Ооганстан, жана Йемен.


Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты