Франциянын президенти Казакстанга жана Өзбекстанга келет

  • 9 месяцев мурун
Франциянын президенти Казакстанга жана Өзбекстанга келет

Франциянын президенти Эммануэль Макрон 1-2-ноябрь күндөрү алгач Казакстанга, андан соң Өзбекстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу Елисей сарайынын расмий сайты кабарлады.

«Франция реформалардын жана модернизациянын жолунда бул эки өлкөнү колдоого, эл аралык мамилелерин диверсификациялоого салым кошууга, алардын эгемендигин колдоп, Европа менен байланыштарын бекемдөөгө даяр«, – деп билдирди француз президентинин администрациясы.

Елисей сарайынан билдиришкендей, Франциянын Казакстан жана Өзбекстан менен жакындашуусунун максаты «экономикалык, энергетикалык, транспорттук инфраструктура, саламаттык сактоо, азык-түлүк коопсуздугу, коргонуу тармактарында кызматташуу жана сырьелордун маанилүү түрлөрүн жеткирүү» болуп эсептелет.

Сапардын алкагында франциялык компаниялардын катышуусунда экономикалык форумдарды өткөрүү пландалган.

Бул француз президенттеринин Өзбекстанга экинчи сапары болот. Акыркы жолу 1994-жылы апрелде Франциянын ошол кездеги лидери Франсуа Миттеран Ташкентке келген.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Францияга акыркы жолу 2022-жылы 21-22-ноябрда, казак лидери Касым-Жомарт Токаев бир жумадан кийин 29-30-ноябрда барган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты