Жусуп Абдрахмановго Эл баатырын берүү демилгеси көтөрүлдү

Жусуп Абдрахмановго Эл баатырын берүү демилгеси көтөрүлдү

Жусуп Абдрахманов. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңеште депутат Максат Сабиров Кыргыз мамлекетине зор салым кошкон Жусуп Абдрахмановго Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын берүү демилгесин көтөрдү.

Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө баа жеткис эмгек өтөгөн Жусуп Абдрахмановго Кыргыз Республикасынын баатыры наамы ыйгарылыш керек экенин демилгелеген депутат Сабиров, ошондой эле сыймыктуу инсандын ысымын  борбор шаардын бир районуна жана Башкаруу академиясына ыйгаруу керектигин билдирди.

Айта кетсек. Жусуп Абдрахманов 26 жашында Эл комиссарлар Кеңешинин төрагасы болгон. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө салымы чоң.

Анын эмгегинин бир мисалын келтирсек, өткөн кылымдын 30-жылдарында СССРдин Кыргызстан үчүн берген дан тапшыруу планы жогору экендигин тайманбастан айтып, элди ачкачылыктан сактап калган. Ошол мезгилде Кыргызстанга Казакстан, Украина, Волга боюнан агылып келген эл ачкачылыктан баш калкалаган.

Бишкекте Абдрахмановдун эстелиги бар, анын атында көчө коюлган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты