УКМК: Жол жана транспорт министринин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалды

УКМК: Жол жана транспорт министринин орун басары 50 миң доллар  пара менен кармалды

Иллюстарциялык сүрөт

Улуттук Коопсуздук кызматынын Коррупцияга каршы кызматы билдиргендей, 5-декабрда КР Транспорт жана жолдор министринин орун басары Ж. А.  50 миң  АКШ доллары  өлчөмүндөгү пара менен кармалды.  

Бул пара тендерде маседени оң чечип берүү максатында ЦАРЭС 1 жана 3 (Эпкин-Дыйкан участогу) үчүн тендердик комиссия төрагасы катары сураган.

Айта кете турган нерсе, сүйлөшүү учурунда бул сумма чет элдик компанияга адегенде 520 миң АКШ долларына бааланган, анын 120 миң долларын Ж. А. мурун туугандары иштеген чет элдик компаниянын өкүлүнөн алган. Калган сумманы министрдин орун басары кийинки жумада алмак болгон.

Учурда кармалган министрдин орун басары Улуттук коопсуздук кызматынын абагына камалды.

Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, ЦАРЭС транспорт коридоруна Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кытай, Азербайжан, Монголия, Ооганстан мамлекеттери кирет.

Коррупцияга каршы туруп, төмөнкү добуш берүүгө катышыңыз:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты