Акматов “Манас” аэропорт жетекчиси болду

Акматов  “Манас” аэропорт жетекчиси болдуНурлан Акматов «Манас» аэропортунун башкармалыгынын төрагасы болуп 5-декабрда дайындалды. 
Бул кабарды Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Акматов Скрябин атындагы Айыл чарба институтунун экономикалык факультетин жана Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
“Газпромнефть Азиянын” баш директорунун орун басары болуп иштеген.
Буга чейин иштеп келген аэропорттун директорлор кеңешинин төрагасы Эмир Чукуев кызматтан өз арызы менен бошотулган.

Сүрөт: Маммүлк фондунун басма сөз кызматы тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты