Кытайда гени жакшыртылган балдар төрөлгөнү тууралуу айткан окумуштуу дайынсыз болууда

Кытайда гени жакшыртылган балдар төрөлгөнү тууралуу айткан окумуштуу дайынсыз болууда

Иллюстрациялык сүрөт

Кытайда гени жакшыртылган балдардын алгачкылары төрөлгөндүгү  тууралуу айткан окумуштуунун дайыны белгисиз болуп жатканын РИА Новости агенттиги билдирди. 

Кытайда гени жакшыртылган балдардын алгачкылары төрөлгөндүгү тууралуу билдирген окумуштуу Хэ Цзянькуйдун  дайыны белгисиз болууда.

Такталбаган маалыматтарга караганда, ал окумуштуу кармалган.  Ошондой эле Шэньчжендеги Түштүк илимий-технологиялык университетинде үй камагында болушу мүмкүндүгү айтылууда. Бирок окуу жайы андай маалыматты төгүндөгөн.

Өткөн жумада  Хэ Цзянькуй гени жакшыртылган балдардын алгачкылары Кытайда төрөлгөнүн, ал балдар кандай гана дарт болбосун, СПИД жана башка оор дарттарга, туруштук бере аларын айтып чыккан. Мындай кабары менен ал окумуштуу кесиптештери жана бийлик тарабынан катуу сынга алынган.

Кытайдын тиешелүү органдары окумуштуунун айткандарын иликтеп жатышкан.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты