Жаныбарлар тарпын көмгөн жерге мал жайгандар жазаланат

Жаныбарлар тарпын көмгөн жерге мал жайгандар жазаланатМындан ары малдын тарпын көмгөн жерге мал жайгандар административдик жаза тартат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга 5-декабрда кол койду

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 13-сентябрында кабыл алынган.

Мыйзамда биологиялык таштанды жыйноо, утилдештирүү жана жок кылуунун эрежелерин бузуу, айыл чарба жана үй жаныбарларынын өлүктөрүн көмүү жайларын (мал көмүлгүн жайлар, биотермикалык чуңкур жана крематорий) кармоо эрежелерин бузуу, ал жактарга мал жаюу сыяктуу бузууларга административдик жоопкерчилик киргизүү жагы каралган.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты