Боронов кыргыз-корей экспортунда теңдешсиз саясат орун алганын айтты

 

Боронов кыргыз-корей экспортунда теңдешсиз саясат орун алганын айтты

Боронов Менг Жин Шин менен

Кубатбек Боронов Корея импортчулар ассоциациясынын  (КОИМА) төрагасы Мёнг Жин Шин менен жолугушууда кыргыз-корей экспортунда теңдешсиз саясат орун алгандыгын белгиледи.

«Кыргызстандагы корей товарларынын экспорттук көлөмү 99,5% чейин жетет, муну менен биздин өлкөлөрдүн ортосундагы экспорттук-импорттук саясатта теңдешсиздик орун алат», – деди биринчи вице-премьер.

Кыргызстан Кореяга экологиялык таза айыл чарба продукцияларын ташууну жөнгө салуу аркылуу экспортту өстүрүүгө кызыкдарлыгына, ошондой эле экономиканын ар кыл тармактарына корея инвестицияларын тартууга өзгөчө көңүл бурдурду.

Боронов маалымдагандай, 2016-жылы Кыргызстан Европа бирлигинин ВСП+ колдонуучусу статусун алган, анын алкагында аталган бирликтин өлкөлөрүнө 6000 ден ашык товарды төлөмсүз ташуу мүмкүнчүлүгү сунушталат.

«Корея компаниялары айыл чарба продукцияларын жана товарларын өндүрүү жана ВСП+  алкагында Европа өлкөлөрүнө экспорттоо боюнча кыргыз компаниялары менен биргелешкен ишканаларды түзсө болот” деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.

Өз кезегинде Корея импортчулар ассоциациясынын (КОИМА) төрагасы Мёнг Жин Шин белгилегендей, соода-экономикалык тармакта кызматташууну жакшыртуу үчүн күч-аракеттерди активдештирүү зарыл.

«Кыргыз балы абдан сапаттуу келип, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө экспорттолору мага маалым. Тилекке каршы, Кыргызстандык ишкерлер Кореяда туш болгон айрым тоскоолдуктар бар. Мен өз тарабымдан биздин өлкөлөрдүн ортосунда товар жүгүртүүнү өстүрүүгө жана кырдаалды жакшы жагына өзгөртүүгө болгон күчүмдү жумшайм», – деп ишендирди Мёнг Жин Шин.

Биринчивице-премьер 2019-жылдын биринчи жарымында Бишкекте корей жана кыргыз компанияларынын катышуусунда бизнес-форум өткөрүү мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштады.

Бул тууралуу  Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматыю

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты