Бишкек — Ош унаа жолунда кышкы дөңгөлөктөрү жок кичи автобустар менен жүргүнчү ташууга тыюу салынды

  • 10 месяцев мурун

15-октябрдан тарта Бишкек — Ош унаа жолунда кышкы дөңгөктөрү жок сыйымдуулугу аз автобустар (16 орунга чейин) жана минивэндер менен жүргүнчү ташууга тыюу салынат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чаралар оор кесепеттерге алып келген жол кырсыктарын алдын алуу үчүн көрүлүп жатканы айтылат.

Чектөөлөр 2024-жылдын 1-майына чейин киргизип, Чүйдүн Жайыл районунун Сосновка айылындагы жана Жалал-Абаддын Токтогул районундагы стационардык бекеттерде көзөмөлдөө иш-чаралары күчөтүлөт.

«Кышкы сезонго ылайык дөңгөлөк менен жабдылбаган транспорттук каражаттардын айдоочуларынан Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары аркылуу узак жолго чыгуудан карманууну суранабыз. Жол кыймылынын эрежелерин сактап, ашууга чыгууда жана түшүүдө кылдат болуңуздар«, — деп айтылат билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты