Кыргызстан сегиз айда чет мамлекеттерге 8,7 тонна алтын сатты

  • 10 месяцев мурун

2023-жылдын январь-август айларында Кыргызстан 545,1 миллион долларга 8,7 тонна алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баяндамасында айтылат.

Экспорттун негизги бөлүгү Швейцарияга туура келет, бул өлкөгө жалпы 448,4 млн долларга 7,1 тонна алтын сатылган.

Мындан тышкары Кыргызстан Кытайдын Гонконгуна 983 килограмм алтынды 60 млн долларга саткан. Бириккен Араб Эмираттарына сегиз айда 582 килограмм алтынды 36,6 млн долларга соодалаган.

Финансы министрлиги 2022-жылы Кумтөр кенинен 17 тонна 305 кг алтын өндүрүлүп, анын 17 тонна 284 килограммы сатылганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты