Киров суу сактагычынан Казакстанга суу берүү башталды

  • 10 месяцев мурун

Талас облусундагы Киров суу сактагычынан Казакстандын Жамбыл облусуна суу берүү башталды. Бул тууралуу маалымат каражаттары Казакстандын суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитовго шилтеме берип жазышууда.

«Биз Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жетекчилери менен жолугушуп, Киров суу сактагычын ачуу боюнча учурдагы шарттарды макулдаштык. Учурда суу сактагычтан 12 куб метр суу Жамбыл облусунун суу сактагычына топтолуп жатат«, — деп билдирген Нуржигитов.

Казакстан менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйыны сентябрдын аягында Акылбек Жапаров менен Алихан Смаиловдун катышуусунда Тараз шаарында өткөн. Анын алкагында тараптар Киров суу сактагычынан суу берүүнү калыбына келтирүү жаатында макулдашууга жетишкен.

Эске салсак, Кыргызстандын Киров суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү быйыл соңку 30 жылдагы эң төмөнкү чекке түшкөн. Мындан улам август айында Кыргызстан Казакстанга Кировдон сугат суу берүүнү убактылуу токтоткон. Казакстан сугат суунун жетишсиздигинен улам 13 районунда өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

1976-жылы ишке берилген Киров суу сактагычына долбоордук көлөмү боюнча 550 млн метр куб суу батат. Расмий маалыматка караганда, суу сактагычта суу эң көп топтолгон убак 2016-жылга туш келип, анда 500 миллиондон ашык метр куб суу топтолгон. Киров суу сактагычына топтолгон жалпы суунун дээрлик 80% Казакстанга кетет.

Таластын Манас району суунун 20 пайызын гана колдонот. Казакстан сууну алганы үчүн кенемте катары Киров суу сактагычын жыл сайын ремонтоп, оңдоо иштерин жүргүзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты