Кадыржан Батыров Одессада көз жумду
- 6 лет мурун
- Мультимедиа
ЖК экс-депутаты, 2010-жылдагы Ош окуясына байланыштуу айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров Украинанын Одесса облусунда 4-декабрда дүйнөдөн өткөнүн “Азаттык” радиосу кабарлады.
Экс-депутат Кадыржан Батыров 2010-жылдагы Ош окуясыyа байланышту бөлүп-жарууга чакыргандыгы, башаламандык уюштургандыгы үчүн айыпталып, үй-мүлкү конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылган.
Ал качып кетип, издөөгө алынган. Кезинде Кадыров аталган радиого берген маегинде өлкөдөн чыгып кетүүгө ага Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү жардам берди десе, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү анын айткандарын четке каккан.
Кадыржан Батыров 1956-жылы 9-мартта Жалал-Абад облусунда туулган. Кыргызстандагы ири ишкерлердин бири болуп, Россия, Өзбекстан, Тажикстанда бизнес жүргүзгөн.
2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, 2008-жылы Кыргызстанда өзбек улуттук борборунун вице-президенти болгон.
Сүрөтү: Интернеттен алынды.