Кытайдагы элчи жана башкы консул кызматынан бошотулду. Жаңы консул дайындалды

Кытайдагы элчи жана башкы консул кызматынан бошотулду. Жаңы консул дайындалды

Азамат Үсөнов

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Азамат Үсөнов кызматынан 4-декабрда бошотулду. Ошондой эле Гуанчжоу шаарындагы консул да кызматынан бошотулуп, ордуна жаңы консул дайындалды.

Азамат Үсөнов Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчиси кызматынан бошотулду. Пекин шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыргандыктан, ал Монголиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан да бошотулду.

Искендер Орусбаев Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу болуп 4-декабрда Президенттин жарлыгы менен дайындалды.

Ал эми Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу Максат Тентимишов кызматынан бошотулду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты