УКМК Белизгейттеги купуя грифти алып салуу боюнча иштөөдө

УКМК Белизгейттеги купуя грифти алып салуу боюнча иштөөдө

Белизден келген деген апостиль.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Белизгейт»  кылмыш ишинен  купуялык грифти алып салуу боюнча иш алып барып жатканын УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Башкы прокуратура «Белизгейт»  иши жашыруун иликтенчү материалдардын катарына киргендиктен, комментарий берүүгө маалымат жетишсиз экенин бетке кармаган.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Белигейт” боюнча жашыруун делген эн тамгасы алынып салынарын Улуттук коопсуздук комитети билдиргенин Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комтетинде каралган учурда айткан.

“Белизгейт” жаңжалы үч депутат: Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Өмүрбек Текебаев “Альфателекомдун” 51 пайыз акциясын сатып алууга тиешеси болушу болжолдонуп, экс-президент Атамбаев УКМК менен Башпрокуратурага бул маселени изилдөөнү тапшырган.

Андан кийин Леонид Маевский  Өмүрбек Текебаевге “Мегаком” компаниясын сатып алууга таасир көрсөтүү үчун 1 млн доллар пара бергем деп чыккан. Маевскийдин соттогу көрсөтмөсүнүн негизинде Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга соттолгон.

Баш прокуратура “Белигейт” ишинде документ жасады делген  УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты