Чаткалдагы чатак. Жергиликтүүлөр кармалган балдарды чыгарууну талап кылууда

Чаткалдагы чатак. Жергиликтүүлөр кармалган балдарды чыгарууну талап кылуудаЧаткалда кечээ милиция кармап кеткен 15 баланы чыгарууну талап кылып жергиликтүү эле бозүй тиккени жатат. Чогулган 200-300 адам кармалгандар бошотулмайынча тарабай турганын айтышууда.

Эске салсак, 5-ноябрда Терек-Сай айылындагы “Эти Бакыр Терексай” ишканасын кайтарып жаткандар  малын айдап келгенге барган жергиликтүү тургунду сабап салган.  Ал бала жакын досторун чогултуп барып күзөтчүлөрдү сабаганы видео байкоого түшүп калган.

Мушташка катышкан жергиликтүү тургундарды милиция кармап кеткен.

Азыркы учурда “Эти Бакыр Терексай” ишканасында жумушу толугу менен токтоп турат.

Сүрөт: Интернет булактарынан алынды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты