Артыкбаев абактан ооруканага которулду

Артыкбаев абактан ооруканага которулду

Осмонбек Артыкбаев

Бишкек Жылуулук электр борбору боюнча  коррупцияга катыштыгы бар деп айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалган  Жогорку Кеңештин депутаты, энергетика экс министри Осмонбек Артыкбаев ооруканага которулду.

Анын ооруканага которулушуна саламаттыгынын начарлашы, мындан бир канча жолу ооруканага түшүшү себеп болгон.

Артыкбаев 30-ноябрда соттун чечими менен дарыланууга жатканын жактоочусу билдирди.

Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу анын саламаттыгына байланыштуу бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Ал эми айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Артыкбаевдин ал-абалы начарлап, Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайына “Тез жардам” чакырылганын жазышкан.

Осмонбек Артыкбаевге Кылмыш кодексинин 303-беренеси, коррупция боюнча кылмыш ишин козголгон.

Кылмыш ишке шектүү катары  Артыкбаев 6-июнда камакка алынган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты