“Манас күнү” белгиленет. Бул күндү жакындаткан Самаков камакта

“Манас күнү” белгиленет. Бул күндү жакындаткан Самаков камакта

Карганбек Самаков

 А. Малдыбаев атындагы  Кыргыз улуттук опера жана балет театрында бүгүн, 4-декабрда, саат 14.00 тө “Манас эпосунун күнү” белгиленет. Иш — чара бийлик органдарынын катышуусу менен өтөт.

«Манас» эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча тизмесине Кыргызстандын атынан катталган.

Мындай чечимди дал ушул күнү, 4- декабрда,  Баку шаарында  материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин VIII жыйынында 24 мамлекеттен турган комитеттин мүчөлөрү кабыл алган.

Айта кетсек, саясатчы Карганбек Самаков ЮНЕСКОнун тизмесине «Манас» үчилтигин каттоого чоң салым кошкон. Бүгүнкү күндө ал губернаторду барымтага алган деп камалып жатат.

2003-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар комитети Кыргыз Республикасынын атынан номинацияланган «Акын-манасчылардын көркөм өнөрү адамзаттын дүйнөлүк мурастарынын курамдык бөлүмү катары» долбоорун дүйнөлүк маданий мурастын шедеври деп жарыялаган.

Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты