Атамбаев Си Цзинпин менен жолугушту

Атамбаев Си Цзинпин менен жолугуштуПрезидент Алмазбек Атамбаев Кытайдагы иш сапарынын жүрүшүндө бул өлкөнүн төрагасы Си Цзинпин менен жолугушту.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Атамбаев “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумуна чакырганы үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, Кытай Кыргызстандын жакшы кошунасы, өнүгүү боюнча маанилүү жана ишенимдүү өнөктөш экенин белгиледи. Кытайдын бул жылдар ичинде Кыргызстанга берген гранттык, каржы жана техникалык жардамы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө сезилерлик жардам болгонун айтты. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин Кыргызстандын Жибек жолунун экономикалык алкагын түзүү боюнча демилгени жүзөгө ашырууга катышуусу маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле Кытай мындан ары да Кыргызстандын экономикасын бекемдөөгө жардам берүүнү улантат деп билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер Кыргыз-кытай фондун түзүү, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу маселелерин да ортого салышты. Андан тышкары, коопсуздук чөйрөсүндө, маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты тереңдетүү жана биргелешкен илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүү тууралуу сөз козголду.  Алмазбек Атамбаев Бээжинге 13-майда кеткен. Жекшемби күнү ал жакта Орусия президенти Владимир Путин жана башка кытайлык аткаминерлер менен кезигип, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 14-майда башталган экономикалык форумга катышып сөз сүйлөдү. Анда Кытай сунуштаган Жаңы жибек жолу долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууга алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты