1-январдан баштап күйүүчү май кескин кымбатташы мүмкүн

1-январдан баштап күйүүчү май кескин кымбатташы мүмкүнКыргызстан менен Орусиянын ортосунда күйүүчү майды пошлинасыз ташуу келишими бекитилбесе, жаңы жылдан тартып күйүүчү май 2-3 сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, эки өлкөнүн тиешелүү органдары күйүүчү май жеткирүү боюнча индикативдик баланска 1-октябрга чейин кол коюшу керек болчу. Бирок 2019-жылга карата индикативдик баланс иши алиге чейин аяктай элек.

«Орусиядан пошлинасыз келип жаткан нефтипродуктуларына 2019-жылдын 1-январынан тарта экспорттук пошлина төлөнүп калуу тобокелдиги болуп жатат. Мисалы, 2018-жылдын декабрь айында 1 тонна күйүүчү майга 40,5 доллар кошулса, бул республикадагы күйүүчү майдын ар бир литри 2-3 сомго кымбатташына алып келет» деп жазылат маалыматта.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты