Кыргызстандык Стамбулда сейф паролун эсинде сактап, ири акча жана буюм уурдаган

Кыргызстандык Стамбулда сейф паролун эсинде сактап, ири акча жана буюм уурдаган

Иллюстрациялык сүрөт

Стамбулда кыргызстандык үй кызматчысы үйдөгү сейфтин паролун эсинде сактап калып, өзү  кызмат кылган түркиялык үй-бүлөнүн үйүнөн 16 миң лир, 2 миң доллар, сумка жана саат уурдап кеткен.

Бул тууралуу  haberler.com сайтына шилтеме берип, ЖМК жарыялады.

Е Т. аттуу кыргызстандык аял акча жана буюмдарын уурдап качып кеткен. Аны полиция кармаганда жаннан уурдалган акча жана буюмдар табылган, 1 миң лирди коротуп койгону аныкталган.

Ал үй жыйнап жаткан кезде үй ээлери сейфти ачканда, паролун эсине тутуп калганы айтылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты