Президент мүмкүнчүлүгү чектелүүлөргө 5 млн сом бөлдү

Президент мүмкүнчүлүгү чектелүүлөргө  5 млн сом бөлдүМамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге резервдик фонддон 5 млн сом каражат бөлдү.

Жээнбеков майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу социалдык стационардык мекемелерге материалдык жардам көрсөтүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Ага ылайык социалдык стационардык мекемелерге материалдык жардам көрсөтүү үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана  Билим берүү, илим министрлигине (ар бир министрликке — 2, 5 млн сомдон) президенттик резервдик фонддон 5 млн сом бөлдү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты