Күбө Мамбеталиева Айтматов сыйлыгынын акчасын Закиров ага каттырганын айтты

Күбө Мамбеталиева Айтматов сыйлыгынын акчасын Закиров ага каттырганын айтты

Аскар Шадиев өлкөдөн качып кеткен.

Бишкектин Биринчи Май районунда  Аскар Шадиевдин иши боюнча кылмыш иши уланууда. Күбө Мамбеталиева Арсен Закиров ага акча каттырып койгонун, бирок суммасы канча экенин билбегенин айтты.

3-декабрда ЖКнын Конституциялык мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн эксперти Асангүл Мамбеталиева корсөтмө берип жатат.

Ал Шадиевди билбей турганын айтты. Ал эми Чыңгыз Айтматов сыйлыгына деп бөлүнгөн 30 миң долларды катып алды деген Арсен Закировду жакшы тааный турганын билдирди. Закировду кандайдыр мыйзамсыз иштерге аралашат деп ойлогон эмес  Арсен андан карызга акча сураганын, жумуштан кетип, бизнес баштаганы жатканын айтканын билдирди.  Закиров кармалгандан кийин анын үй-бүлөсү карыз алган каражатты Мамбеталиевага кайтарып берген.

Арсен Закиров камалганга чейин эле Мамбеталиеванын үйүнө акча каттырып койгонун айтты. Бул карыз алган акча эмес жана суммасы канча экенин билген эмес болчу. Закиров камалганда ал сумканы тергөө кызматкерлерине бергенин Асангүл Мамбеталиева айтты.

Дагы бир күбө Бакыт Арзакул Арсен Закировду да, Аскар Шадиевди да жакшы билбей турганын, бирок булар 2017-жылы Чынгыз Айтматов сыйлыгы тапшырылбай турганын билген болушу керек, акча берилбеш керек эле деп божомолдоду.

Экс-депутат Аскарбек Шадиев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталууда. Шадиев өлкөдөн качып кеткен.  Арсен Закиров камакка алынган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты