Текебаевдин адвокаты УКМКнын үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылды

Текебаевдин адвокаты УКМКнын үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылдыУКМК депутат Өмүрбек Текебаевдин ишин Башкы прокуратурага жөнөттү.
Башпрокуратура бул ишти карап, андан ары сотко жибериши керек. Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Чынара Жакыпбекова УКМКнын үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылды. Анын айтымында, айыпталуучу тарап Текебаевге байланышкан иш менен таанышууга жетишпей калганына карабай, УКМК аны Башкы прокуратурага өткөрүп койгон. “Иш менен толук таанышканга үлгүргөн жокпуз. Бирок ишти андан ары сотко өткөрүү үчүн Башкы прокуратурага жиберип коюшту. Ошондуктан биз буга нааразылык иретинде Башкы көзөмөл органына кайрылдык” дейт адвокат. УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов болсо  иш менен таанышуу атайын создуктурулду деген пикирин айтты. “2017-жылдын 25-апрелинде тергөө иш-чаралары аяктап, жазык-процессуалдык мыйзамдардын талаптарына ылайык, айыпкерлер Текебаев, Чотоновго жана алардын жактоочуларына кылмыш ишинин материалдары таанышуу жана керектүү көчүрмөлөрдү алуу үчүн берилген. Бирок Текебаев, Чотонов жана жактоочулары тарабынан кылмыш ишинин материалдары менен таанышуу атайын создуктурулганына байланыштуу, тергөө органы 13-майга чейин кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга убакыт чектеп, андан кийин айыпкерлерге бардык материалдардын көчүрмөлөрү берилип, иш сотко жиберилди” дейт Сулайманов.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты