Жумгалда кар көчкү жылууда, үйлөргө коркунуч жок
- 6 лет мурун
- Мультимедиа
Миң-Куш айылына 1-декабрда түшкөн кар көчкү азыр жылып жатат. Көчкү түшөррүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сентябрь айында билдирген.
“Жумгал суу курулуш» көмүр ишканасынын аймагында көлөмү болжолу менен 35000 м3 жер көчкү 1-декабрында саат 12:30 чамасында түшкөн.
Анын кесепетинен Ыраакы Миң-Куш тилкесине баруучу таза суу түтүгү жана «Жумгал Суу Курулуш» көмүр казган ишканасынын 2 электр зым карагайы жабыркаган.
Учурда жер көчкү акырындык менен жылууда, бирок турак үйлөргө коркунуч жок. Жринде ыкчам топ иштеп,райондук ЖК комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрилиг.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!