Сурманы Кытайга мыйзамсыз саткандар кармалды

Сурманы Кытайга мыйзамсыз саткандар кармалды

Иллюстарциялык сүрөт

Сурма сатууга лицензиясы жок компаниялар Кытайга сатып жүргөндүгү аныкталды.

Экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматынын маалыматына караганда, “Т.С.” ЖЧКсы 2018-жылдын 7 айында мыйзамсыз 537,5 тонна сурма экспорттосо,  2017-жылы 885,4 тоннага жакын сурманы  экспорттогон.

Сурманы Кытайдагы  эл аралык “Ч” тоо-транспорт компаниясы алып турган.

Компаниялардын бири кен байлыктарын чалгындоого гана укугу болгон, бирок бул аларды токтоткон эмес.

Ошондой эле  «У.Т. и К.»  компаниясы Кытайдагы “Б” компаниясына 2017-жылы 1 миң 92 тонна сурма камтыган руданы жана концентрат, 2018-жылдын 5 айында 672 тонна жөнөткөн.

Экиичи компания руда менен концентратты Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айыл аймагынан казып алган.

Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, “Т.С.” ЖЧКсы кенди чалгындоого гана лицензиясы бар, бирок кенди иштетүүгө жана сурмасы бар концентратты өлкөдөн чыгарып кетүүгө укугу жок болгон.

Ошондой эле экономика министрлиги аларга кенди импорттоого, түстүү металлды өлкөдөн чыгарууга уруксат берген эмес.

Натыйжада 2017-2018-жылдары “Т.С.” ЖЧКсы 4 млн сомдон ашуун жана “У.Т. жана “К”компаниясы  6 млн 200 миң сомдон ашуун суммага руда жана концентрат алып чыккан.

2017-жылы  «У.Т. и К.»  3 млн 855 миң сом пайда тапкан, анын ичинен киреше 180 миң 330 сом, салык  18 миң 330 сом болгон.

Буларга мыйзамсыз ишкердик кылгандыгы үчүн кылмыш иши козголду

 

 

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты