Франция: Сары күрмөчөндөр козголоңуна катышкан 400 дөй киши камалды

Франция: Сары күрмөчөндөр козголоңуна катышкан 400 дөй киши камалды

Эйфел мунарасын ыш каптады

Францияда күйүүчү майдын баасынын жогорулай турганына каршы акцияга чыккан “сары күрмөчөндөр” козголоңунда 378 кишини полиция камакка алды. Бул тууралуу  BFM TV билдирди.

1-декабрда демонстранттар баррикада жасап, машинелерди күйгүзүп, полиция менен жаңжалдашкан.

Жалпы манифестанттардын саны 5,5 миңге жетип, тополоңду басууга 4,5 миң полиция тартылганы айтылды.

Каршылык акциясында 133 киши жаракат алган, анын ичинен 23 ү полиция кызматкери болгон.

Мындан мурдараак өлкөдө “сары күрмөчөндөр” козголоңунан улам, өзгөчө кырдаал киргизилиши мүмкүн экендиги айтылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты