Акындар жактырган жөө туман…

Акындар жактырган жөө туман...Кыргызстанда эртең, 3-декабрда, жаан-чачын болбойт. Туман түшөт.

Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;

Талас жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз 1…6;

Баткен облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…5;,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9° болот;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -8…-10, күндүз 2…4° болот.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты