Абылгазиев дем алыш күнү да иштеп жатат

Абылгазиев дем алыш күнү да иштеп жатат

Жолугушуу учуру.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Доржи Кинлай менен анын өлкөдөгү миссиясы аякташына байланыштуу жолугушту.

Өкмөт башчы БУУ өкүлчүлүгүнө адамдардын жашоо деңгээлин жана тамактануусун жакшыртууга, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүүнү камсыздоого көмөктөшүүсү, айыл тургундарынын жашоо-шартын жакшыртууну өбөлгөлөөсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Маанилүү долбоорлорду каржылоо жана техникалык көмөк көрсөтүү үчүн донорлордун күч-аракетин мобилизациялоодогу өзгөчө ролун белгиледи.

Бул тууралуу  Өкмөттун маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы. 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты