ЖК депутаты Адыл Жунус уулунун иниси Аскар Жунус Кытайда камалды

ЖК депутаты Адыл Жунус уулунун иниси Аскар Жунус Кытайда камалды

Free Azia сайтындагы сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Адыл Жунус уулунун  бир тууган иниси Аскар Жунус уулу Кытайда камалганын  Free Asia эл аралык радиосуна шилтеме берип, Марал радиосу кабарлады.  

Free Asia  сайтында жазылгандай,  Кытайдын Синцьзян Уйгур автоном районунун бийлиги (СУАР) көрүнүктүү кыргыз окумуштуусун “белгисиз кылмышы” же кыргыз этникалык тобунун алтын доору тууралуу бир канча ондогон макала жана китептерди жазгандан кийин камакка алгандыгы белгиленген.

49 жаштагы Аскар Юнус (аты-жөнү ушундай жазылган-ред.)  Синьцзяндын Социалдык илимдер академиясынын тарыхты иликтөө бөлүмүнүн иликтөөчүсү, ал өткөн айдын аягында Үрүмчүнүн борборунда камакка алынганын Uyghur RFA кызматына атын атабастан айткан кызматкер “Анын айрым көйгөйү” болуп жатат деген жана  Аскар Юнустун эмне себептен  камалганын билбей турганын айткан.

Биографиялык маалыматтарына караганда  Аскар Юнус акыркы 25 жылда СУАР менен Борбор Азиянын тарыхы тууралуу жазып, айрыкча Кыргызстанга көңүл бурган. Аскар Юнус 40 тан ашык макала жана китептерди жазгандыгы белгиленген.

Аскар Жунус уулу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адыл Жунус уулунун бир тууган иниси экени айтылууда.

Ал эми КР депутаты Адыл Жунус уулунун өмүр баянын карасак, ал Кытайдын Кулжа шаарында 1963-жылы туулгандыгы, 1972-1982-жылдары Кулжа шаарындагы №5 мектепти аяктагандыгы, 1987-жылы Синцзян университетинин география факультетин аяктагандыгы жазылган.

Кийинки мезгилде бир катар этникалык кыргыз агартуучулары Кытайдын саясий кайра тарбиялоо лагерлерине камалганы маалым болгон.

 Сүрөт (AP Photo/Ng Han Guan).

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты