Көл жээгинде олимпиадалык борбор курулат
- 6 лет мурун
- Мультимедиа
Мухаммедкалый Абылгазиев бул тууралуу Өспүрүмдөрдүн жайкы, 2018-жылкы Буэнос-Айрес шаарында өткөн Олимпиадалык оюндарында ийгиликтерди багынткан атамекендик спортчулар менен бүгүн, 1-декабрда, жолугушууда билдирди.
Премьер-министр Ысык-Көл жээгинде олимпиадалык борбордун курулушу башталаарын белгиледи, анда спортчулардын ири эл аралык таймаштарга даярдык көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Жолугушууга грек-рим күрөшү боюнча күмүш байге ээси – Элмирбек Садыров, сүзүү боюнча күмүш байге ээси – Денис Петрашов, фехтованиеден коло байгенин жеңүүчүсү – Хасан Баудунов, ошондой эле алардын жеке машыктыруучулары катышты.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов кошумчалагандай, ведомство тарабынан Өспүрүмдөр олимпиадасында өзгөчөлөнгөн спортчуларды 2020-жылы Токио шаарындагы жайкы Олимпиада оюндарына даярдоого көмөк көрсөтүлөт.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү