«Ата-Бейитте» Баткендеги чек ара кагылышында курман болгон жоокерлер эскерилди

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 16-сентябрда «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон куралдуу кагылышта курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу УКМКга караштуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери жана Чек ара кызматынын өздүк курамы катышты.

Митинг-реквием баатыр-чек арачылардын күмбөзүнө гүлчамбар коюу менен башталды. Каза болгон жоокерлерге багыштап куран окулду. Иш-чаранын катышуучулары аларды бир мүнөткө унчукпай туруп эскеришти.

2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кагылышууда 51 аскер кызматчылары курман болгон, алардын 42си чек арачылар.

Курман болгондордун ичинен төрт чек ара кызматкеринин сөөгү Ата-Бейит» мемориалдык комплексине коюлган.

Каза болгон аскер кызматчыларына эстелик коюу пландалууда, эстеликтин эскиздеринин долбоорлору иш-чаранын катышуучуларына көрсөтүлдү. Эстеликти тургузуу иши менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги алектенет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты