Кургак учукка кабылган үй-жайы жоктор үчүн жатакана жабылганы турат

Кургак учукка кабылган үй-жайы жоктор үчүн жатакана жабылганы турат

Кургак учукка кабылгандар баш калкалоочу жатаканада.

Кургак учукка кабылгандар баш калкалоочу жалгыз жатакана жабылуу коркунучуна кептелди.

Бул тууралуу Елена Баялинова фейсбук баракчасында 1-декабрда кабарлады. Баш калкалоочу жайы жокторго андай жатакананы Бишкекте Виктор Кузнецов 2016-жылдын күз айларында ачкан. Ошондон бери анда 78 киши жашап, алардын 31 си дартынан сакайып чыккандыгы айтылат.

Тиешелүү деңгээлде дарыланып жана жакшы тамактанып, баш калкалоочу жай таап, айрымдар дартынан айыгып жатышкан.

Баялинова андан ары ИИМдин маалыматы боюнча Кыргызстанда  үй-жайсыз калган 150 киши бар десе, анын саны расмий эмес маалыматта алда канча көп, 3 миңге чейин жетээрин айтат.

Бул жатаканага буга чейин эл аралык уюмдар, ЮСАИД, Глобалдык фонд, Бишкектеги өзүн-өзүн башкаруу органдары, карапайым калк жардам берип келген.

Эң негизгиси бу3л жердегилер баш калкалоочу жайсыз калганы турушат. Эгер баг паанек кылган жайдын маселеси чечилсе, калганын жатакана жетекчиси, активисттер өздөрү уюштурууга аракеттенишет.

Алар Саламаттык сактоо министрлигине, Бишкек мэриясына, райондук акимчиликтерге кайрылып, бирок натыйжа болбой жатканын айтышат.

Сүрөтү: Елена Баялинова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты