Белгисиз таблеткаларды ичирип, электр отургучка отургузуп…Кытайдын “Тарбиялоочу лагери” деген эмне?

Кытайдын “Тарбиялоочу лагери” эмне экенин ошол жактан чыккан айым айтып берди.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, Кытайдын “Тарбиялоочу лагеринде” 50 миңдей кыргыз себеби жок кармалууда. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалымат боюнча үн ката элек.

Белгисиз таблеткаларды ичирип, электр отургучка отургузуп...Кытайдын “Тарбиялоочу лагери” деген эмне?

Сүрөттө: Мехригүл Турсун АКШда Кытайдагы «Тарбиялоочу лагерь» тууралуу айтып жатат.

Кытайдын мына ушундай “Тарбиялоочу лагеринде” жатып чыккан Кытайдагы этникалык уйгур Мехригүл Турсун аттуу айым кечээ АКШнын Конгрессинде сүйлөп чыкты. Кытай бийлиги бул лагерлерди кесиптик окуу жана квалификациясын жогорулатуу борбору деп атайт жана ал жакка жарандар өз каалоосу менен келип окуйт деп ишендирет.

Мехригүлдүн айтып бергендеринен бул кадимки эле концлагерь экенин билүүгө болот.

Мехригүлдүн айтымында, Кытайда мусулмандарга башкача мамиле жасалууда жана алардын улуттук баалуулуктарынан баш тартууга мажбурлашууда. Кытай бийлигинин талабына жараша, ал жакта жашап жаткандар үйбүлө менен динин Кытайдын коммунисттик партиясынан бийик койбошу керек.

Мехригүл Турсун Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда туулган. Гуанчжоудон университетти аяктап эл аралык компанияда иштеген, андан соң Египетке кетип, ошол жакта турмушка чыккан. Үчем төрөп, балдары менен Кытайга кайтууну каалаган.

Мехригүлдү аэропорттон эле кармап, балдарын тартып алышкан. Аны шпиондук кылды деп айыптап, Египетте ким менен жолукканын, кимдер каржылаганын айт деп кыйнашкан.

“Бул кыйноолордон өткөнчө өлүп калган жеңил экен деп ойлоп, өлтүргүлө деп сурандым. Мени жертөлөдөгү бир камерага алып киришти. Ал жакта бир камерада 40ка жакын жалаң билимдүү аялдар бар болчу. Жер тар болгондуктан, жарымы уктаганда жарымы тике туруп турушу керек.

Эки саат сайын алмашып уктаганга мажбур болчубуз. Бир жыл бою душка түшпөгөн адамдар бар. Суу менен бир аз күрүчтөн турган эртең мененки тамактан кийин биз Кытайдын коммунисттик партиясын даңктаган ырларды ырдашыбыз керек эле.

Белгисиз дарыларды жана белгисиз ак суюктукту ичүүгө мажбурлашчу. Алардан кийин көп аялдардын этек кири токтоп калчу. Же айрымдары кансырап өлүп калышчу.

Мени электр тогу бар отургучка отургузушканын такыр унута албайм. Башыма шлем сыяктуу бир нерсе кийгизишти. Анан ток айдаганда менин тамырларымдан бери чыдагыс болуп ооруп жатты. Мени жаман сөздөр менен атап күнөөмдү мойнума алуум керек экенин айтып жатышты” дейт ал.

Ушундай кыйноолордон кийин Мехригүлдүн каткан эч кандай сыры жок болгонунан улам аны үч ай дегенде чыгарып, “балдарыңды Египетке алып барып таштап, кайра келүүгө милдеттүүсүң” деп чыгарышкан.

Ал ошол бойдон Америкага кетип, кайра кайткан эмес. Азыр Вирджинияда жашап жатат, бирок дагы деле артынан кытай улутундагылар аңдып жатканын айтып, АКШдан калкалап берүүнү суранды.

ПолитКлиника

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты