2-декабрдагы аба ырайы

 2-декабрдагы аба ырайы 1-2-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөп, суук болушу күтүлөт. 

 Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15° күндүз -2…-7° суук болушу күтүлөт.

 Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин;

Тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -13…-18°, күндүз 0…-5° суук;

Бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -19…-24°, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.
Ашууларда кар күрткүсү түшөт.

2-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты