Жорж Буштун-улуусунун 10 учкул сөзү

    Жорж Буштун-улуусунун 10 учкул сөзүЖорж Буштун улуусу көз жумду

АКШда 95 жашында Жорж  Герберт Уокер Буш  же Жорж Буштун-улуусу, АКШнын 41-президенти көз жумганын “Вашингтон пост” гезити билдирди.  

Жорж Буштун- улуусу 1989-1993-жылдарда АКШнын президенти болгон.   Ал эми анын уулу Жорж Буштун кичүүсү АКШнын 43-президенти болгон.

Американын Жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей,  Жорж Буштун улуусу эки жума мурун Хьюстондогу ооруканага каны инфекцияга туш болгонунан улам кайрылган. Анын жубайы Барбара Буш 17-апрелде көз жумган.

Жорж Буштун улуусунун турмушундагы бир таң каларлык факты— ал 75 жашынан баштап, туулган күнүн беш жылда бир белгилеген.

Жорж Буштун улуусунун эддин эсинде калган учкул сөздөрү

ЖМКда Жорж Буштун улуусунун эсте каларлык учкул сөздөру айтылып жүрөт. Ошолордон эске сала кетели.

  1. Мага дүйнөгө жабык Американын кереги жок. Мага Америка үчүн ачык дүйнө керек.
  2. Американын жакшы жашоосу артта калды дегендердин баары— башка жакты карап алгандар.
  3. Атеисттерди аруу жарандар деп эсептей албайм, ал тургай аларды мекенчилдер деп да айта албайм, анткени биз, кудай сүйгөн улуттарданбыз.
  4.  Перл-Харборго чабуул коюшкандарын уккандан кийин, өз өлкөмө кызмат кылгым келип кетти.
  5. Эх, эгер Союзду ыдыроодон сактап кала алганда эмне, алар биздин колго көнүп, үй күчүктөй бизди тегеректеп калганда эмне… Бирок эми эч нерсе кыла албайсың. Мына ошол чөөлөр эми өз тагдырын өзү чечет, мен орустарды жакшы билем, алар эч нерсени кечирбейт жана унутпайт.
  6. Россия менен Союз—Матрешка куурчагындай эле болчу. Алар бири-биринин ичине салынган. Бирок алар Союз болуп, бутунда чоң кишени бар эле. Союз кулаганда бутундагы кишени алынды.

           Россия азыркы көйгөйүн чечип алса, мурдагыдан да ачуулуу жана күчтүү болуп, аны капа                                       кылгандардын баарын эсинде сактап калат. Россияга мурда кандай кас болсом, эми так ошондой дос                болгум келет.

         7. Мен АКШнын саясаты үчүн, ал кандай гана болбосун, кечирим сурабайм. Мен Америка үчүн кечирим            сурачу жигиттерден эмесмин.

         8. Ийгиликке жетишиш үчүн сөзсүз түрдө эле колледжде окуу керек эмес.

         9. Эгер кур баканын канаты болгон болсо, ал жерде сүйрөлүп жүрмөк эмес. Бирок мен баары бир                              болжолдоп тыянак чыгарганды жаман көрөм.

          10. Биз, Буштар, жашык жан келебиз.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты