Маркум Темирлан Алиевдин апасы Президентке кайрылды

Мурдагы жылы сөөгү табылган Темирлан Алиевдин апасы Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылган. Анын айтымында, уулунан айрылгандан бери көп убакыт өтсө дагы, кылмыш-иши ачыла элек.

Маркум Темирлан Алиевдин апасы Президентке кайрылды

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармылыгы билдиргендей, аталган кылмыш иши боюнча текшерүү жүрүп жатат.

Иштин чоо-жайы: 2017-жылдын 10-июнунда Ак-Суу районун ички иштер башкармалыгына Кырккабак аймагындагы жолдо эркек кишинин сөөгү табылганы жөнүндө маалымат түшкөн.

Ал Ак-Суу районунун тургуну, ок актуудан жан берген Темирлан Алиев болуп чыккан. Анын жанында жакын тууганы Эрнис Белековго таандык “Субару Легаси” автоунаасы жана ок атуучу курал табылган. Эрнис Белеков Темирлан андан автоунаасын Караколго барып келүү үчүн алганын айтат.

12-июнда КР Кылмыш-Жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Андан кийин аталган иш Ысык-Көл ИИБине өткөрүлүп берилген.

Жапа чеккен тараптын жана алардын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча кошумча комиссиялык экспертиза дайындалат. Анын жыйынтыктары иликтөөнүн мөөнөтүн узартууга себеп болгон.

Жапа чеккен тараптын жана адвокатынын айтымында, баланын өлүмүнө Жети-Өгүз районунун Т.Ю., Н.Ю., Р.М., Б.Б. аттуу жарандардын тиешеси бар. Бирок  ал учурда алардын башка жерде болгондогу далилдери бар.

Темирландын апасынын айтымында, көз карандысыз баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, ок башка куралдан атылган.

Анын үстүнө, эгерде Темирлан өзүн-өзү атууну калааса да, анын колу куралдын баскычына жетмек эмес.

Милиция мамлекеттик эмес экспертизалардын юридикалык күчү жок деп айтууда. Ошондуктан кошумча комплекстүү соттук-медициналык  экспертиза дайындалган. Каза болгон баланын апасынын шектенүүлөрү текшерилет.

Ушул кылмыш иши боюнча маркумдун апасы Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты